Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Украина орусиячыл күчтөргө каршы операцияга камданууда


Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов мамлекет орусиячыл жикчилерге каршы ири масштабдагы аскерий операцияга камданып жатканын билдирди. Ал азыркы бийлик Крым сценарийинин кайталанышына жол бербей турганын белгиледи.

Ишембиде Словянск калаасында жана Украинанын чыгыш облустарындагы бир катар шаарларда куралчан орусиячыл топтор өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкандан кийин Киев “антитеррордук операция” жүргүзгөн. Словянск шаарындагы опперация учурунда коопсуздук кызматынын бир офицери каза тапкан.

13-апрель күнү Турчинов телевидение аркылуу сүйлөп, Орусия Украинага каршы “согуш” аракеттерин жүргүзүп жатканын айтты.

Президент 14-апрелге чейин куралдарын тапшыргандар сот жообуна тартылбай турганын эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG