Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Таластагы жарылуу иликтенип жатат


Талас шаарында 18 жаштагы жигиттин өмүрүн алган жарылуу иликтенип жатат. Милициянын маалыматына ылайык, жарылган зат үн чыгарчу граната болушу мүмкүн.

11-апрель күнү кечке жуук шаардагы турак-үйлөрдүн биринде катталган жарылууга күбө болгондордун айтымында, жарылгыч зат кармап алган жигит аны салют деп ойлогон. Ал ток өткөргүч зымдын бир учун гранатага, бир учун телефондун батарейкасына тийгизген учурда салют экени айтылып жаткан нерсе жарылып кеткен. Жигит катуу жараат алып, окуядан жарым саат өтүп каза болгон. 23 жаштагы дагы бир кыздын бети жана чачтары күйүп, ооруканага түшкөн.

Маркум Кара-Буура районунан Таласка, жарылуу катталган үйгө конокко келгени айтылууда. Талас шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Жардыргыч зат каза тапкан жигиттин колуна кантип түшүп калганы иликтенүүдө.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, граната 2010-жылдагы Апрель окуясы учурунда милициядан уурдалган куралдардын бири болушу ыктымал. (SE)

XS
SM
MD
LG