Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Катаал аба ырайы 16-апрелге чейин созулат


Кыргызстанда катаал аба ырайы 16-апрелге чейин созулуп, дыйканчылык аймактарда -1...-6 градус үшүк жүрүшү күтүлүп жатат.

Жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактар үчүн коркунучтуу.

Жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалар ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. (SE)

XS
SM
MD
LG