Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

ИИМ: Милиционерлер мерт болгон кырсык иликтенүүдө


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 12-апрелде Бишкек - Ош жолундагы Чычкан ашуусунда жол кырсыгынан эки милиция кызматкери каза тапкан. Милиционерлер түшкөн унаа жолдон чыгып, 150 метрлик жардан учуп кеткен. Министрликтин божомолу боюнча кырсыкка жолдун тайгактыгы себеп болгон. Буга чейин мерт болгон кызматкерлердин жакындары милициянын жетекчилерине: “түн ката жолго чыгарган, атайын каражат алып бараткан унаанын жанында коштоочу болгон эмес, коопсуздукка кайдыгер караган” деп нааразылыгын билдирген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG