Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Тажикстандын 10дон ашуун адамы селден каза тапканына байланыштуу бул өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзадага көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Оторбаев кырсыктан жакындарын жоготкон адамдарды сабырдуулукка чакырып, жараат алгандардын тезирээк сакайышын тилеген. (BkA)