Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Базар-Коргондо пенсия алуу кыйын болууда


Ушул тапта райондун 200гө чукул тургуну РСК банктын имаратынын алдында турат. Алар апрель айынын пенсиясы кечигип жатканына нааразы болууда. Учурда район акиминин орун басары Толгонай Жамашева алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Анын айтымында, райондогу Социалдык фонд акчаны бардык банктарга толугу менен которуп бүткөн.

Базар-Коргондо 13 100 адам пенсия алат. Өткөн жумада ушул сыяктуу кыйынчылыктар Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында да орун алган.

РСК банктан кабарлашкандай, учурда аталган банкта жабдууну заманбап системага өткөрүү процесси жүрүп жаткандыктан айрым утурумдук проблемалар жаралууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG