Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Асад: Сириядагы урушта чечүүчү учур келди


Президент Башар Асаддын айтымында, Сириядагы согушта өкмөттүк күчтөр үстөмдүк кыла баштады жана урушта “чечүүчү учур келди”. Асаддын бул сөзүн 13-апрелде өкмөттүк САНА агенттиги таратты. Сирия армиясы акыркы айларда козголоңчулардын Ливандын чек арасына чукул жайгашкан жана ортолуктагы Хомс провинциясындагы өңүттөрүн курчоого алган. БУУнун эсеби боюнча Сирияда үч жылдан бери жүрүп жаткан жарандык согушта 150 миңден ашуун адам өлгөн. Асаддын режимине каршы көтөрүлүш “Араб жазынын” таасири астында башталган 2011-жылдагы тынч демонстрациялар аёосуз басылгандан кийин башталган. Ырасмий Дамаск оппозициянын куралдуу көтөрүшүн чет өлкөлөр колдогон “террорчулардын кутуму” деп атаган.

XS
SM
MD
LG