Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Ноокенде селден жабыркаган көпүрө ордуна жаңысы курулат


Ноокенде жаңы көпүрө курууга долбоор даяр. Жол эксплуатациялоочу №51 ишкана райондун Ноокен айылына жаңы көпүрө курууга 11 миллион сомдук долбоор камдады. Район акими Абдырахман Осмоновдун айтымында, долбоорду өкмөт менен министрлик жактабаса көпүрө жергиликтүү бийлик, мекеме-ишканалардын жана элдин жардамы менен ашар ыкмасы аркылуу кайра куруларын айткан болчу.

Ноокен айылында Чиртек-Сай суусундагы узундугу сегиз метрлик көпүрө 10-апрелде түбүн суу жегендиктен кыйрап калган. Ал 1960-жылы курулуп, 1994-жылы оңдолгон. Бул көпүрө аркылуу төрт айылдын жети миңдей калкы жана автоунаасы каттап турган. (YA)

XS
SM
MD
LG