Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Турчинов украиналыктар өлкө бүтүндүгү үчүн добуш берээрине ишенет


Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов 14-апрелде телеберүүдө сүйлөп, Украинанын түзүлүшү боюнча референдумга каршы эмес экенин айтты: "Мен ишенем, парламент мындай референдум президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүлсүн деп чечим чыгарса, көпчүлүк украиналыктар жалгыз, бөлүнгүс, күнкорсуз, демократиялуу жана унитардык Украина үчүн добуш берет”.

Президенттик шайлоо 25-майга белгиленген. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров референдум жөнүндө кенен маалымат берүүгө чакырды. Украинанын чыгышында өкмөттүк имараттарды басып алган москвачыл жикчилердин негизги талаптарынын бири - региондордун укугун кеңейтүү боюнча референдум өткөрүү.

Словянск жана Донецк шаарларындагы орусиячылдар курал-жарагын тапшыруу жана өкмөттүк имараттардан чыгып кетүү боюнча шартты аткарган жок.

Александр Турчинов эгер жикчилер жергиликтүү убакыт боюнча 14-апрелде эртең мененки саат 9га талапты аткарышпаса, “чоң масштабдагы антитеррордук операция” башталат деп эскерткен. Орусия Киевди жикчил-протестчилерге каршы курал колдонбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG