Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Путин: Украинадагы башаламандыкка Орусиянын тиешеси жок


Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы окуяларда Москванын катышы жок экенин билдирди. 14-апрель күнү АКШ президенти Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Путин “Украинадагы башаламандыкта орус агенттеринин колу бар” деген маалымат чындыкка жакын эместигин айтты.

Эки мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Ак үй да тастыктады, бирок сүйлөшүү боюнча кеңири маалымат азырынча бериле элек.

Батыш жана Киев Украинадагы окуяларга Орусиянын тиешеси бар деп эсептейт.

АКШ Украинага 1 миллиард доллар насыя берерин жарыялады. Ал эми Европа биримдиги 13-апрелде Киевге 1 миллиард евролук жардам пакетин жана украиналык товарлар үчүн бажы төлөмдөрүн азайтуу планын бекиткен.

XS
SM
MD
LG