Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Челябинскте ири өлчөмдөгү маңзат менен кыргыз жараны кармалды


Челябинскте кармалган маңзат. 14-апрель, 2014-ж.
Челябинскте кармалган маңзат. 14-апрель, 2014-ж.
Орусиянын Челябинск шаарында 23 килограмм маңзат менен кыргыз жараны колго түштү. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС агенттиги федералдык чек ара башкармалыгынын маалыматына таянып кабарлады. Аткезчилик менен маңзат алып бараткан жаран “Бугристое” көзөмөл-өткөрүү пунктунда кармалган.

Ири өлчөмдөгү героин “Мерседес” үлгүсүндөгү кичиавтобустан табылган. 23 даана баштыкка таңгакталган маңзаттын ар бири бир килограммдан болгон. Адистердин айтымында, бир грамм героин он жолу колдонууга жетет.

Маңзат кайсы жактан ташылып баратканы иликтенүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG