Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү өтүүдө


Бүгүн Тажикстандын Хожент шаарында кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча эки өлкөнүн өкмөт алдында түзүлгөн жумушчу топторунун жолугушуусу башталды. Бул тууралуу коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кабарлады. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы талаштуу жерлер боюнча сөз болот.

Буга кошумча, ушул апта ичинде Маматалиевдин коңшу өлкөнүн күч структуралары боюнча вице-премьери Мурадоли Алимардон менен жолугушуусу күтүлүүдө. Анда Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун чектеш аймактарындагы акыркы кырдаал, талаштуу маселелер талкууланат. Мындан тышкары эки тараптын Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык айланма жолу жана тажик тараптын Ворух анклавына айланма жол куруу боюнча сунуштарын да кароо мерчемделип жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG