Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Баткенде эл аралык инвестициялык форум өтөт


Баткенде эл аралык инвестициялык форум өтөт. 17-апрель күнү өтө турган форумга азырынча 19 өлкөнүн элчиликтеринен жана мекемелерден өкүлдөр катышары такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Чек аралаш аймактын экономикасын бекемдөө аракетине багытталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары да келери күтүлүүдө.

Расмий иш-чарадан тышкары “Айгүл” майрамы да ушул күнү өткөрүлөт. Эл аралык форум Баткенде экинчи жолу уюштурулуп жатат. Былтыр 22 өлкөнүн өкүлү катышкан. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG