Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Аскаровдун адвокаты Башкы прокуратурага нааразы


Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидов Башкы прокуратура сотту атайылап создуктуруп жатканын айтып чыкты. Адвокат бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин "Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөөнү суранып Башкы прокуратурага кайрылган. Ал арыздын негизинде атайын тергөө тобу түзүлүп, Аскаровдун ишин кайрадан карап чыккан. Бирок быйыл февраль айында Баш прокурордун орун басары Людмила Усманова өз токтому менен тергөө тобунун ишин токтоткон. Мындан соң Аскаровдун адвокаты Усманованын аталган токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Октябрь райондук сотуна кайрылган болчу. Кезектеги соттук жараян 14-апрелге белгиленип, ага прокуратуранын өкүлдөрү чакырылган. Бирок башкы көзөмөл органдын өкүлдөрү жараянга келбегендиктен сот башка күнгө которулду.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы адвокаттын айыптоолорун четке какты.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында баш аламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG