Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Улуттук банк төрайымы кызматтан кетүү арызын жазды


Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоева кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын арызын бүгүн Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети караганы жатат. Аталган комитеттин төрага орун басары Замир Бекбоевдин “Азаттыкка” айтымында, Асанкожоеванын эмне себептен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы көрсөтүлгөн эмес.

Дүйшөмбүдө Асанкожоева кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазып бергени тууралуу маалымат тарады. Улуттук банктын маалымат кызматы аны тастыктаган да, төгүнгө чыгарган да эмес.

2011-жылдан бери Улуттук банкты жетектеп келаткан Зина Асанкожоеванын дарегине сын февраль, март айларында сомдун девальвациясынан кийин күч алган. Улуттук банк өз убагында тийиштүү чечим кабыл албай, кырдаал кризистик деңгээлге жетип кетти деп айыпталган. Ошондон кийин Улуттук банктын жетекчи орун басары Сүйөркул Абдыбалытегин кызматтан бошотулган. (BkA)

XS
SM
MD
LG