Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Индияда трансгендерлер үчүнчү жыныстагылар деп расмий таанылды


Индиянын Жогорку Соту аял же эркек эмес жарандарды үчүнчү жыныстагылар- трансгендерлер деп тааныды. Жогорку Соттун 15-апрелдеги чечимине ылайык, улуттук жана федералдык өкмөттөр трансгендерлерди аз улуттар сыяктуу эле социалдык жеңилдиктер менен камсыздашы шарт.

Буга чейин индиялык трансгендерлер ырасмий документтерде өздөрүн же аял же эркек деп көрсөтүшчү. Адам укугун коргоочулардын айтышынча, жаңы жобо миллиондогон жарандарды консервативдүү коомдогу кемсинтүүлөрдөн куткарат.

Трансгендерлерди таанууну сураган демилгечи топтун кайрылуусу Индиянын Жогорку Сотуна 2012-жылы жөнөтүлгөн болчу. Индияда эсептөөлөргө караганда 2 миллион жынысы белгисиз трансгендер адам бар. Алардын көпчүлүгү тойлордо ырдап-бийлеп күн көрсө, башкалары кайырчылык же сойкулук менен жан багат.

XS
SM
MD
LG