Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Парламенттин имаратын “Эл Ордо” деп атоо сунушталууда


Бишкектеги Жогорку Кеңеш жана президент отурган имаратты “Эл ордо” деп атоону сунуштаган мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев менен Малик Осмонов иштеп чыккан. Каныбек Иманалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, президент жана депутаттар отурган имараттын расмий аталышы жок. Ошондуктан элдин көйгөйүн чечкен, кеңешип чечим чыгарган имарат болсун деген тилек менен “Эл ордо” деген аталыш сунушталып жатат.

Чүй проспектинде жайгашкан имаратта 2010-жылдагы Апрел окуясына чейин президент жана өкмөт жайгашчу. 2010-жылы өкмөт Эски аянттагы имаратка көчүп кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG