Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

БУУ Украинада жек көрүүчүлүктү жайылтууга каршы чара көрүүгө үндөдү


БУУ Украинадагы абалды деэскалациялоо үчүн жек көрүүчүлүктү күчөткөн пропагандага жана айдактоого тез каршы чара көрүүгө чакырды. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариаты 15-апрелде жарыялаган изилдөөдө Украинадагы абал 2013-жылдын ноябрынан бери иликтенет. Докладда "полициянын “Бүркүт” тобунун жана башка коопсуздук күчтөрүнүн “ашыкча күч колдонуусу” Киевде нааразылыкка чыккан евромайданчылардын жаалына тийип, радикалдаштырган" деп көрсөтүлөт. Крымдын орусиячыл бийлиги 16-мартка чейин жана андан кийин “адам укугунун абалына коркунуч жаратчу” кадамдарды жасаганы, Крымдын орус жамаатына айрым кол салуулар болгону айтылат.

Орусия 16-марттагы референдумга шылтап Крымды Украинадан тартып алган. БУУнун докладында референдумга каршы болгон активисттер жана журналисттер куугунтукталганын, камакка алынганын, кыйналганын тастыктаган далилдер бар экени да белгиленет.

XS
SM
MD
LG