Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Сарууда кармалгандардын соту башталды


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 7-октябрда Караколдо болгон Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштурду дегендердин үстүнөн сот башталды. Бул тууралуу соттолуучулардын жактоочусу Бакыт Жунушбаев билдирди. Анын айтымында, Жети-Өгүздүн Саруу айылынын беш тургунуна былтыр май жана октябрь айларындагы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акцияларында башаламандык уюштурган деген айып тагылып жатат. Бүгүнкү соттук жараянда алардын айыбы угузулду. Кийинки жараян 18-апрелге белгиленди.

Буга чейин февраль айында Биринчи Май райондук соту Кумтөрдүн айланасындагы окуялар боюнча 8 адамды 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG