Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Москвада ЕЭСти түзүү келишими талкууланды


Орусия, Беларус жана Казакстандын премьер-министрлери 15-апрелде Москвада өткөн кездешүүдө Евразия экономикалык союзу - ЕЭСти түзүү келишимин талкуулашты. Орус өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдиришинче, премьер-министр Дмитрий Медведев бүгүн эле казак жана беларус өнөктөштөрү Карим Масимов жана Михаил Мясникович менен эки жактуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Береги үч өлкө Бажы биримдигинин түзүүчүлөрү. Кремлдин айтышынча, Бажы биримдиги 2015-жылы Евробиримдик үлгүсүндөгү Евразия экономикалык союзуна айланууга тийиш. ЕЭСти түзүү жөнүндө келишимге Орусия, Беларус жана Казакстандын президенттери май айында кол коюшарын Казакстандын тышкы иштер министри Эрлан Идрисов ай башында билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG