Бүгүн Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын 75 жылдыгы белгиленет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, мааракенин расмий бөлүгү Улуттук филармонияда өтөт. Муну менен катар академияда 18-апрелге чейин түрдүү илимий конференция жана талкуулар уюштурулат.
Медакадемия 1939-жылы медициналык орто окуу жай болуп түзүлгөн. Кийинчерээк институт, андан соң академия болуп кайра уюшулган. 1998-жылы окуу жайга дарыгер Иса Ахунбаевдин ысымы ыйгарылган. (BkA)
Медакадемия 1939-жылы медициналык орто окуу жай болуп түзүлгөн. Кийинчерээк институт, андан соң академия болуп кайра уюшулган. 1998-жылы окуу жайга дарыгер Иса Ахунбаевдин ысымы ыйгарылган. (BkA)