Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Дааватчылар үчүн бирдиктүү форма тигилди


Кыргызстанда дин жайылтуучулар үчүн бирдиктүү даават формасы иштелип чыкты. Кийимдердин үлгүсү жакынкы күндөрү аймактардагы казыяттарга таратылат. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Равшан Эратов шейшембиде Ошто өткөн диний коопсуздук боюнча жыйында билдирди.

Дааватчылар үчүн бирдиктүү форма иштеп чыгууга алардын кийимине карата коомчулуктагы терс пикирлер себеп болгон. Кара шым, ак көйнөктөн турган жаңы форма улуттук табит менен диний талаптар айкалыштырып тигилген. Баш кийим катары калпак кабыл алынган.

Кийим Кара-Кулжа районундагы цех иштеткен, атын атагысы келбеген жеке ишкердин каражатына тигилүүдө. Учурда 1200 даанасы даяр. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG