Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Акыйкатчы: Батукаевдин бошотулушу - бийликтин катасы


Бул тууралуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттарга отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, кылмыш дүйнөсүнүн ана башы деп эсептелген Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунда аткаруу бийлиги одоно кемчиликтери кетирген. Ошондуктан Аманбаев Жогорку Кеңештин Батукаевдин бошотулушунун мыйзамсыздыгы боюнча токтомунун аткарылышын колдоорун билдирди.

Азиз Батукаев былтыр апрелде Нарындагы түрмөдөн айыккыс ооруга чалдыкты деген себеп менен эртелей бошотулган. Бирок кийинчерээк ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгарган.

Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 30-майында Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышына тиешеси бар деп ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини 10 күндүн ичинде кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Булардын ичинен Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен иштен кетсе, Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG