Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Мурдагы министр орун басары Дербишова беш жылга кесилди


Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Гүлнара Дербишова беш жылга кесилди. Мындай чечимди шейшембиде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Дербишованын адвокаты Искендер Журабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ал жаш баласы болгонуна байланыштуу жаза мөөнөттү баласы 14 жашка толгон соң өтөп баштамакчы. Учурда Дербишованын кичүү уулу 10 жашта.

Гүлнара Дербишовага 2012-жылы чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып менен кылмыш иш козголгон. Ага чейин ушундай эле айып менен мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров беш жылга соттулуп, жакында мунапыстын негизинде эркиндикке чыкты.(BkA)

XS
SM
MD
LG