Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Разаков: Тажик тарап чек арада провокацияларын улантууда


Ворухтагы тажиктер кыргыздарга каршы ар кандай чагымдарды дагы деле улантып жатат. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ак-Сайдын кыштоосундагы 3 үйдү тажикстандыктар өрттөгөн болушу мүмкүн.

- Ак-Сай, Актатыр, Самаркандек айыл аймактарынын малы жайлоого Ворух аркылуу өтөт. Тажиктер болсо жайлоого өздөрүнүн гана малын жайгысы келип, биздин малчыларды өткөргүсү жок. Малчыларды Ворухтан милиция жана чек арачылар коштоп өтүп жатат. Буга чейин мал жайлоого эки жолу жеткирилди.

Кечээ Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай – Ворух жолун тосуп, кайра ачкан. Алардын мындай кадамына кыштоодогу 3 үйдүн өрттөлүшү себеп болгон. Жергиликтүүлөр бул иш тажиктердин гана колунан келет деп шектенип жатышат. Учурда бул факт боюнча облустук милициянын ыкчам тобу иштеп жатат.

Тажик тараптан бул боюнча азырынча комментарий боло элек. (UEz)
XS
SM
MD
LG