Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Украинада Орусиянын желеги тагылган бронетехника жүрөт


Чыгыш Украинада Орусиянын желеги тагылган бронетехника жүргөндүгү кабарланууда. Чопкуттуу унаалар Краматорск шаары аркылуу өтүп, Славянск шаарына багыт алышты. "Ройтерс" агенттигинин күбөсү билдиргендей, бронемашиналар Славянскиде сепаратисттер кармап турган шаардык акимиаттын алдына келип токтошту.

Машиналардын үстүнөн камуфляж кийген ондогон кишилерди көрүү мүмкүн. Ал арада сепаратисттер бүгүн бул аймактагы Донецк шаарынын мэриясына кирип келишти. Сепаратисттер ошондой эле Украинанын чыгышындагы аз дегенде сегиз шаарда мамлекеттик имараттарды басып турат.

Украинанын коопсуздук күчтөрү кечээ өлкөнүн чыгышында антитеррордук операция баштаганын жарыялап, Краматорск шаарындагы чакан аскер турагын бошоткон эле. Орусиянын президенти Владимир Путин Украина «граждандык согуштун босогосунда турат» деп эскертти. Украина жана Батыш Орусияны Украинанын чыгышындагы тополоңдорду уюштуруп жатат деп күнөөлөшүүдө. Москва бул кинелерди четке каккан.

XS
SM
MD
LG