Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Түштүк Корея: Чөккөн кемедеги 300 чакты киши жоголууда


Түштүк Кореянын бийликтери кабарлагандай, бүгүн түштүк-батыш жээкте 460ка чукул киши келаткан кеме чөгүп, 300 чакты кишинин дайыны табылбай жатат. Бийликтер 459 жүргүнчүнүн экөө каза таап, 164ү куткарылганын айтууда.

Кеме эмнеден чөккөнү айтыла элек. Анда Сеулдун жанындагы мектептин 325 окуучусу да болгон. Ондогон кайык, тикучма, куткаруучулар издөө иштерине тартылды. АКШнын согуштук кемелери да жардамга жиберилди. Кемеде көп киши ал чөккөндө сыртка чыга албай калган деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG