Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

Путин: Украина жарандык согуш босогосунда турат


Орусиянын президенти Владимир Путин «Украина жарандык согуштун босогосунда турат» деп эскертти. Кремлдин маалымдашынча, Путин бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшкөндө айтты. Бул сүйлөшүүдөн бир нече саат мурда Украинанын куралдуу күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы чакан аскердик аба базасын бошотуп алган. Орусиячыл жикчилдер азыр аз дегенде тогуз шаарда административдик имараттарды көзөмөлдөп турат.

Украин президентинин кызматын аткарып жаткан Александр Турчинов "Краматорскидеги база ботошулду" деп билдирди. Славянск шаарынын жанында дагы бир «антитеррордук» операция жүрүп жатканы кабарланууда. АКШ бийликтери «башкарууга келбеген кырдаалда Украина «салмактуу» чара көрүп жатат» деген билдирүү жасады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG