Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Бишкектен Чеченстанга түз авиакаттам ачылат


Грозный, Чеченстан, 31.12.2013.
Грозный, Чеченстан, 31.12.2013.
Кыргызстандык "АвиаТраффик" ишканасы борбор калаанын "Манас" эл аралык аэропортунан Чеченстандын борбору Грозный шаарына түз рейс ачат. Бул тууралуу аталган авиакомпания кабарлады. Бишкек – Грозный – Бишкек каттамы боюнча учак 4-июндан тарта аптасына бир жолу шаршемби күндөрү учат. Буга чейин кыргыз жана чечен борбор шаарларын байланыштырган түз авиарейс жок болчу. Бишкек менен Грозныйдын учуу аралыгы 2320 чакырым.

Мындан тышкары Бишкектен Орусиянын Омск жана Пермь шаарларына жүргүнчү жана Таиланддын борбору Бангкокко жүк каттамдары ачылат. Аны менен бирге Орусиянын бир нече калааларына рейстердин саны көбөйдү. (BAz)

XS
SM
MD
LG