Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Парламент Асанкожоеванын отставкасын кабыл алды


Жогорку Кеңеш депутаттары Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоеванын кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды. Өз арызында Асанкожоева үй-бүлөлүк шартынан улам кызматтан кетип жатканын билдирген. Анын айтымында, башка кызматка өтүү боюнча сунуштар түшүп жатат.

2011-жылдан бери Улуттук банкты жетектеп келаткан Зина Асанкожоеванын дарегине сын февраль, март айларында сомдун девальвациясынан кийин күч алган. Улуттук банк өз убагында тийиштүү чечим кабыл албай, кырдаал кризистик деңгээлге жетип кетти деп айыпталган.

Улуттук банк боюнча Кыргызстандын мыйзамына ылайык, жетекчи жети жылга президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Ал эми кызматтан бошотуу үчүн өз арызы же соттун айыптоочу чечими болууга тийиш. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG