Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

НАТО чыгыш чек араларын бекемдейт


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Рассмуссен Украинадагы кризиске байланыштуу НАТО чыгыштагы чек араларын бекемдей тургандыгын бышыктады. Брюсселде Түндүк Атлантика Кеңешинин жыйынынан кийин сүйлөгөн сөзүндө Рассмуссен аскердик турумдар «бир нече күндүн ичинде» бекемделерин бышыктады. «Асманда азыркыдан көбүрөөк учактар, сууларда көбүрөөк кемелер болот, кургакта даярдык күчөтүлөт» деди ал. Рассмуссен эртең Женевада өтө турган сүйлөшүүдө кризисти «тынчтык жол менен жөнгө салуунун жолу табылат» деген үмүтүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG