Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Чек арада өрттөлгөн үйлөр боюнча комиссия иштейт


Кыргыз-тажик чек арасында өрттөлгөн үйлөр боюнча эки тараптуу комиссия иштей баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев билдирди. Анын айтымында, учурда Ак-Сай айылына караштуу Уулар жайлоосундагы өрттөлгөн 3 үй боюнча кыргыз-тажик биргелешкен жумушчу топ окуя болгон аймакка жөнөп кетти.

Аксайлыктар аталган жайлоодогу үйлөрүнө өткөн жылдын октябрь айынан бери бара элек.

Тажикстандын Ворух анклавына жакын жайгашкан бул жайлоодо 3 үй өрттөлгөнү кечээ маалым болгон. Мындан улам айылдыктар "бул үйлөрдү ворухтуктар өрттөдү" деп шек санап, кечээ кечинде жолду бууган. Эки өлкөнүн күч кызматкерлери келип, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң жол ачылган. Учурда айылда абал тынч. (JsA)

XS
SM
MD
LG