Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Дарыядан табылган адамдын тек-жайы аныктала элек


Бишкек-Ош жолундагы Нарын дарыясынан 15-апрелде табылган кишинин тек-жайы тактала элек. Иликтөө иштерин Ноокен райондук Ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Милициянын маалыматына ылайык, 25-30 жаштар чамасындагы азиат улутундагы жигиттин баш сөөгү жабыркаган. Адистердин божомолунда, ал токмоктолуп, андан соң сууга ыргытылган болушу мүмкүн.

Сөөктү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы куткаруучулары тапкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG