Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Таштанды тазалоочулар эки айдан бери айлык албайт


Бишкек мэриясынын алдындагы таштандыларды тазалоочу “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери эки айдан бери айлык албайт. Мекеменин Салык кызматына жана Социалдык фондго карызы 132 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган ишканадан билдиришти.

Бишкек шаарында расмий түрдө 870 миңден ашуун абонемент катталганы менен таштанды чыгаруу үчүн акча төлөөчүлөрдүн саны 487 192 адамды гана түзөт. Ар бир абонемент ай сайын таштандыга 150 сомдон акы төлөйт.

Баш калаадан күнүнө сегиз жүз миң тонна таштанды чыгарылат. Көчө шыпыргычтарды, таштандыларды чогултуучуларды жана айдоочуларды кошкондо миңге чукул жумушчу иштейт. Алар жакында эле айлык маселесин чечүү талабы менен митингге да чыгышкан.

Коомчулукта акча айрым аткаминерлердин сол чөнтөгүнө кетип жатканы айтыла баштады. “Тазалык” ишканасынын карызы эмнеге топтолуп кеткенин жана андагы көмүскө каржы булактарын иликтеп чыгуу үчүн атайын аудит иштеп жатат. (SE\KJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG