Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Орусия парламенти жарандык алууну жөнөкөйлөттү


Орусиянын Федерация Кеңеши орус жарандыгын алууну жөнөкөйлөштүргөн мыйзам долбоорду жактырды. Бул тууралуу Кеңештин расмий сайтында кабарланды. Мыйзамга ылайык, эне тили орус болгон жана бул тилди жакшы билгендерге жарандык кыска мөөнөттө бериле баштайт.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько орус жарандыгын тез арада алуу мүмкүнчүлүгү бериле турган жарандарды атайын комиссия аныктаарын маалымдаган болчу.

Орусияда, бейрасмий эсептөөлөр боюнча, бир миллионго жакын кыргызстандык мигрант жашайт. Алардын көбүндө документ жок. Өткөн жылы орус бийлиги мигранттарга талабын катуулатып, тил билбегендердин жумушка орношуусу кыйындаарын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG