Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Жарандык активист сотторго каршы акция өткөрүүдө


Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги райондук соттордун алдында нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Ал Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө чектөө киргизген Биринчи Май райондук сотунун судьясы Аида Тилекееваны кызматтан алууну талап кылууда.

Токтонасыров райондук сотторду кыдырып, "Тилекееванын катасын кайталабагыла" деп эскертүүнү максат кылганын "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту Ала-Тоо аянтында, Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында 1-майга чейин митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салган. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту жокко чыгарган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG