Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Сот Акунду Нарымбаевге 50 миң сом төлөөгө милдеттендирди


Бишкектин Ленин райондук соту президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунга каршы доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Буга чейин Нарымбаев Акун “Азия ньюс” гезитине чыккан маегинде анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, 1 миллион сом доо талап кылган. Бүгүн райондук соттун судьясы Аида Сейдакматова Акунду 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бирок Турсунбек Акун бул чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотуна арызданаарын “Азаттыкка” кабарлады.

Гезиттеги маегинде Турсунбек Акун Данияр Нарымбаевди кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп атыккан Азиз Батукаевдин түрмөдөн эртелей бошотулушуна катышы бар деп күнөөлөгөн болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG