Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Кеме кырсыгына кабылган 300дөй кишинин дайыны жок


Түштүк Кореядагы кеме кырсыгынан, акыркы маалыматтар боюнча, кеминде сегиз киши каза тапты, 287 адамдын дайыны табылбай жатат. Куткаруучулар 179 кишини сактап калганга үлгүрдү.

Кемеде жалпысынан 475 киши бар эле, алардын басымдуу бөлүгү Сеулдун жанындагы мектепин окуучулары болгон.

Куткаруу иштерин жүргүзүү аба ырайынын бузулушунан жана катуу шамалдан улам татаалдап жатканы айтылууда.

Кеме эмнеден чөккөнү белгилүү боло элек. "Yonhap" агенттигинин маалыматы боюнча, учурда анын капитаны сурак берип жатат.

XS
SM
MD
LG