Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Орус президентинин “түз баарлашуусу” башталды


Орус президенти Владимир Путин бир нече жылдан бери салт болуп калган "түз баарлашуусун" баштады. Быйыл өлкө башчысына 2 миллиондон ашык суроо келип түшкөн.

Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков суроолордун көпчүлүгү Крым, Украина жана жылдагыдай социалдык маселелерге байланыштуу деп болжолдоодо.

Быйыл кайрылуу, суроолор жазуу жана оозеки гана эмес, видео түрүндө да түштү. Ал эми крымдыктар үчүн атайын телефон байланыш линиясы ачылган.

Быйыл жыл сайын "түз баарлашуу" уюштурулуп келатканына 12 жыл болду. Адатта Путин мындай баарлашууну өткөн жылдагыга караганда 1 мүнөт болсо да узагыраак жыйынтыктайт. Өткөн жылы 4 саат 48 мүнөткө созулган.

Суроо-жооптор бардык мамлекеттик теле жана радиокомпаниялар аркылуу чагылдырылат.

XS
SM
MD
LG