Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Путин: Крымды коргоодо орус аскерлери турат


Украинанын чыгыш аймагындагы окуялар “Москванын кылганы” деген кеп акылга сыйбайт. Бул тууралуу бүгүн орус президенти Владимир Путин эл менен "түз баарлашуусунда” айтты.

Ошондой эле ал учурда Крымдагы коопсуздукту сактоодо жана референдум учурунда аймактагы тынчтыкты камсыздоо үчүн орус аскерлери турганын моюнга алды.

Украинанын түштүк-чыгышындагы соңку окуяларга мамилеси тууралуу суроого жооп берип жатып Путин Украинада антиконституциялык төңкөрүш жана бийликти басып алуу болгонун дагы бир жолу белгиледи.

Танк жана авиациянын Украинанын жөнөкөй жарандарына каршы колдонулушун Путин "өлкө бийлигинин кылмышы" деп атады. Орус президенти бүгүн Женевада өтө турган Евробиримдик, АКШ, Украина жана Орусия жолугушуусу "абалды жөндөө жана эл менен реалдуу диалог жүргүзүү үчүн маанилүү" экенин белгиледи.

Крымдын Орусия тараптан аннексияланышы тууралуу Путин "Москва эч качан Крымдагы аскерий аракеттерди пландабаганын", бирок орус тилдүү калкка болгон коркунуч бул кадамдарга түрткү болгонун айтты.

Эл менен "Түз баарлашуу” 2001-жылдан бери өтүп келет. Өткөн жылы ал дээрлик 5 саатка жакын созулган.

XS
SM
MD
LG