Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Бишкектеги бир бала бакчадан жылан чыкты


Бул тууралуу борбордун Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн шаардагы №26 бала бакчанын тарбиячылары балдар аянтчасынан бир нече жылан көргөнүн айтып кайрылышкан. Андан соң куткаруучулар Илимдер академиясынын биология институтунун кызматкерлери менен барды. Бирок бала бакча аянтчасынан жылан таба алган жок.

Буга чейин Алай районундагы Биринчи Май айылындагы мектептен жылан чыгып, окуу убактылуу токтотулган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG