Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Ирак: кол салуудан ондон ашык адам набыт болду


Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарындагы аскер базасына кол салуудан 12 жоокер каза таап, ондон ашыгы жарадар болду.

Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттиги билдиргендей, алгач жанкечти базанын алдынан автомобилди жардырган, калгандары болсо базаны көздөй ок атышкан. Атышууда 8 согушкер өлгөн.

Акыркы айларда Мосулда бир нече жолу кол салуу болгон. Бийликтер буга “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлер тобу жоопкер деп белгилешет.

Ал эми коңшу Анбар аймагында “Ирактагы жана Левантедеги Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери жылдын башында басып алган райондорду ушул күнгө чейин карамагынан чыгарбай келүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG