Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Бишкекте этностор аралык мамилелер талкууланат


Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту бүгүн улуттар аралык мамилени бекемдөөгө арналган семинар уюштурат. Борбор Азиядагы Америка университетинде өтө турган иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана улуттук борборлордун мүчөлөрү чакырылган.

Семинардын биринчи бөлүгүндө Кыргызстандагы этностор аралык мамилелердин азыркы абалы талкууланып, аны бекемдөөнүн жолдору сунушталат. Экинчи бөлүгүндө Фергана өрөөнүндөгү улуттар аралык чатактардын көбөйүшүнүн себептери жана аларды жоюу ыкмалары ортого салынат.

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын кээ бир чөлкөмдөрүн камтыган Фергана өрөөнү этникалык мамилелер татаалдашкан аймак болуп саналат. Айрыкча чек арага жакын жерлерде бул маселе негизги көйгөй экени белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG