Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

ИИМ Зардалыдагы жарылууну иликтөөдө


Баткен облусунун Зардалы айылындагы эки өспүрүмдүн өмүрүн алган жарылуу иликтенүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, бул окуя боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуя болгон жерге кетти. Азырынча жарылган зат 1999-2000-жылдары аймакка согушкерлер кирген учурдан калышы мүмкүн деген версия каралууда.

Кечээ Баткендеги “Коргон” чек ара тозотунда 4-10 жаштагы алты тестиер белгисиз жарылуучу зат таап алып, аны менен ойноп жатканда жарылып кеткен. Бирөө ошол замат, экинчиси ооруканага жетип каза тапкан. Төрт бала учурда Баткен облустук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. (BkA)

XS
SM
MD
LG