Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Маматалиев: Зардалыда кол граната жарылган


Бул тууралуу коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткенде жарылуудан жабыркаган балдардын ата-энелери менен жолугуу учурунда айтты. Жарылган затты аныктоо боюнча экспертиза жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча ал 1999-2000-жылдары аймакка согушкерлер кирген учурдан калган болушу мүмкүн.

Кечээ Баткендеги “Коргон” чек ара тозотунда 4-10 жаштагы алты тестиер белгисиз жарылуучу зат таап алып, аны менен ойноп жатканда жарылып кеткен. Бирөө ошол замат, экинчиси ооруканага жетип каза тапкан. Төрт бала учурда Баткен облустук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми жарааты жеңил бир өспүрүм Зардалыда калып калган. Аны шаарга алып келүү үчүн айылга тик учак жөнөтүлдү.

Зардалы Кыргызстандын эң алыскы айылдарынын бири. Аны облус борбору менен байланыштырган унаа жол кышкы мезгилде жабык болот. (JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG