Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Чек ара кызматы: Шектүү заттардан абайлагыла


Чек ара кызматы Баткен облусунун жана Оштун Чоң-Алай районунун тургундарын этият болууга чакырып, шектүү буюмдар табылган учурда күч органдарына дароо кайрылууну суранды.

Баткен облусунун Зардалы айылындагы эки өспүрүмдүн өмүрүн алган жардыруучу зат 1999-жылы аймакка согушкерлер кирген учурдан калышы мүмкүн деген версия каралууда. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 2001-жылдан бери чек арачылар Баткен облусунун аймагынан 15 мина, 11 граната, 3-РПГ үлгүсүндөгү гранатомет, 7 “ФАБ-90” бомбасын жана миңден ашык ок тапкан.

Кечээ Баткендеги “Коргон” чек ара тозотунда 4-10 жаштагы алты тестиер белгисиз жарылуучу зат таап алып, аны менен ойноп жатканда жарылып кеткен. Бирөө ошол замат, экинчиси ооруканага жетип каза тапкан. Төрт бала учурда Баткен облустук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын экөөнүн абалы оор бойдон калууда. Ал эми жарааты жеңил бир өспүрүм Зардалыда калып калган. Аны шаарга алып келүү үчүн айылга тик учак жөнөтүлдү. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG