Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Артыкбаев: Өткөн кышта электрди авариялык өчүрүү аз болду


Кыргызстанда быйылкы кышта электр энергиясын авариялык өчүрүү былтыркыга караганда 24 пайыз азайды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, буга негизинен электр жабдуулары жаңыртылып жатканы себеп болууда. Ошону менен катар энергетикадагы жоготууларды азайтууга өзгөчө маани берилүүдө. Маселен, быйыл жоготууларды 16 пайыз азайтуу мерчемделип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG