Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Ак-Сайда өрттөлгөн сарайлар боюнча кылмыш иш козголду


Баткендин кыргыз-тажик чек ара аймагында жайгашкан Ак-Сай айылына жакын жайлоодогу 15 сарайдын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,
айылга караштуу Тамдык, Зарын жана Улар деген үч жайлоодо 15 сарай күйүп кеткен, бирок аларга өрт качан коюлганы белгисиз. Себеби кыш мезгилинде жол жабылгандыктан бул жайлоолор ээн калат.

Айыл тургундары сарайларды Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары өрттөдү деген шек менен 15-апрелде Ворух - Исфара жолун бууган. Эки өлкөнүн күч кызматкерлери келип, жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана жол ачылган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG