Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Казакстандын “Аңыз адам” журналы жемеге калды


Журнал соңку санынын мукабасында Гитлердин сүрөтүн басып, “Гитлер фашист эмес”, “Сен үчүн Гитлер ким?”, “Гитлер Экинчи Дүйнөлүк согуштун негизги күнөөкөрү” деген макалаларды жана Гитлердин “Майн кампф” китебинен үзүндү баскан. Ошондой эле Гитлердин тарыхый ролу жөнүндө казак тарыхчыларынын, талдоочуларынын жана коомдук активисттердин карама-каршы көз караштары да берилген.

18-апрелде Казакстандын коммуникация жана маалымдоо мамлекеттик агенттиги басылмага каршы тийиштүү чара көрүлөрүн билдирди. Билдирүүгө караганда, 25 миң нускалуу “Аңыз адам” журналы Конституцияны жана “социалдык, улуттук, расалык же диний жек көрүүчүлүктү жайылтпоо” жөнүндөгү мыйзамды бузду деп шектелүүдө жана азыр иликтөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG