Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Атамбаев мерт кеткен эки баланын жакындарына көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Баткендин Зардалы айылында жарылуудан каза тапкан эки өспүрүмдүн жакындарына көңүл айтты. Ар бир үй-бүлөгө президенттик фонддон 50 миң сомдон, жараат алгандарга 25 миң сомдон бөлүнмөй болду.

Мамлекет башчы өлкөнүн Куралдуу Күч жетекчилерине жергиликтүү бийлик менен бирге мындан ары бул сыяктуу окуяларга жол бербөөнү талап кылды.

Кечээ Баткендеги “Коргон” чек ара тозотунда 4-10 жаштагы алты тестиер белгисиз жарылуучу зат таап алып, аны менен ойноп жатканда жарылып кеткен. Бирөө ошол замат, экинчиси ооруканага жетип каза тапкан. Төрт бала учурда Баткен облустук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. (BkA)

XS
SM
MD
LG